Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Чек ара маселеси боюнча Ташкентте сүйлөшүү болот


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы талаштуу чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси 26-декабрда Ташкентте өтө турган кыргыз-өзбек чек ара комиссияларынын жолугушуусунда каралат. Бул тууралуу "Азаттыкка" вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы 320 чакырымга жакын тилке тактала элек. Ушундан улам чек ара маселесине байланыштуу эки өлкө тургундары ортосунда ар кандай чыр-чатактар көп катталат.

Быйыл жайында Аксы аймагында кыргыз чегин бузган деп өзбекстандык эки чек арачы кыргызстандык кесиптештеринин огунан набыт болушкан. Ноябрь айынын башында Баткен облусунда аткезчиликке жолтоо болгон кыргызстандык чек арачыны өзбекстандык тургундар сабап, куралын тартып алышкан. (EBm/ZKo)

XS
SM
MD
LG