Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

Тажикстанда оппозиционер 26 жылга кесилди


Тажикстанда сот оппозициялык саясатчы жана ишкер Заид Саидовду каржылык “көз боёмочулук кылган, көп аял алган жана бойго жете элек кыздар менен сексуалдык катнашка барган” деген айып менен 26 жылга түрмөгө кести.

Өкүм уктурулган чакта соттун жанына Саидовдун ондогон тарапкерлери чогулушкан.

Өлкөдө каттоодон өтпөгөн “Жаңы Тажикстан” деген партиянын лидери Саидов быйыл майда камалган эле. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, муну “саясат менен байланыштырат”.

Быйыл 6-ноябрдагы президенттик шайлоонун алдынан Саидов өзүнүн партиясынын программасын жарыялап, өкмөттү “ийгиликсиз реформалары, чакан жана орто бизнеске көрсөтүлгөн кысым, кеңири жайылган коррупция үчүн” сындаганы белгилүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG