Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Орусия Беларуска эки млрд. долларга чейин карыз берет


Бул тууралуу бүгүн Москвада Орусия-Беларус мамлекеттик кеңешинин жыйынында орус президенти Владимир Путин айтты.

"Орус өкмөтү Беларуска келерки жылы кошумча эки млрд. долларга чейин насыя берүүнү чечти", - деди президент.

Орусиянын каржы министри Антон Силуанов аталган карыз Улуттук бакубатчылык кору (же Өзгөчө абал фондунан) бөлүнбөй турганын, ал өкмөттөр аралык насыя катары 10 жылдык мөөнөткө берилээрин белгиледи.

Өткөн аптада Орусия Украинада 15 млрд. доллар насыяны ушул Улуттук бакубатчылык корунан бөлөөрүн айткан. Бул фонддун акчасы негизи өлкөдөгү пенсияны колдоо үчүн сарпталаары айтылган.

XS
SM
MD
LG