Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Жогорку Кеңеш Кумтөр келишимин талкуулады

Кумтөр боюнча талкуу суроо-жооп түрүндө өттү. Эми маселе комитеттерде жана фракцияларда каралат. 23-декабрда өкмөт сунуштаган Кумтөр боюнча келишимдин долбоорунда үлүштөрдү 50/50 бөлүштүрүү каралган. Өкмөт “Центерра Голд” менен сүйлөшүүдө Кыргызстандын үлүшүн 50% ашырууга мүмкүн болбогонун дагы бир жолу билдирди.

02:14 26.12.2013

Текебаев: Кумтөр келишимдерин бузуу жараяны башталды (23.10.2013)


Келишимден бир тараптуу чыгуу процедурасы кандай болот?

- Биздин азыркы түшүнүгүбүз боюнча өкмөт 2009-жылдагы келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизет. Анын бир бөлүгү болуп 2003-жылдагы келишимди дагы жокко чыгаруу сунушу киргизилиши керек. Мына ушундай мыйзам аркылуу биз келишимден бир жактуу чыгып, өкмөткө тиешелүү тапшырма беребиз.

- Бул эми Кыргызстан тараптын позициясы болууда. Бирок “Центерра Голд” компаниясы Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 50% ашырууга эч мүмкүн эмес, келишим бузулса, Эл аралык арбитражга кайрылабыз деп билдирди. Сиздин оюңузча “Центерра Голддун” мындан аркы аракеттери кандай болушу мүмкүн?

- Албетте, алар эл аралык сотко берүүгө аракет кылат. Бирок алардын бараар жери алыс деле эмес. Кандай болгон күндө да, алтын бизде, чындык биз тарапта. Алар биз айткан сунушка макул болууга мажбур болот деп ишенем. Акыркы 50 жыл ичинде Латын Америкасы, Азия, Африка өлкөлөрүндө мындай окуялар жүздөп болгон. Ал өлкөлөрдө да алтын, мунай, газ сыяктуу кен байлыктарды мурдагы колонизаторлор текейден арзан сатып, ээлик кылып алган. Эл көтөрүлүп, бийлик, өкмөтү алмашып, мындай келишимдер кайра каралган. Бул дүйнөдө боло келген көрүнүш. Мындай окуялар Өзбекстан, Казакстан, Орусияда деле болуп жатат. Бул компания биз менен макул болууга мажбур болот. Бирок биз аракет кылбастан туруп эле, жетекчилерибиз баш болуп, “күн көрбөй калабыз” деп өз элибизди коркутканыбыз туура эмес.

02:17 26.12.2013

Ян Аткинсон: “Центерра Голд” 50% кем үлүшкө макул болбойт (23.10.2013)


- Эгер Жогорку Кеңеш Кумтөр келишимин жокко чыгарса, “Центерра Голддун” кийинки кадамдары кандай болот?

- Эгер кандайдыр бир себептерден улам парламент денонсация боюнча чечим кабыл алса, анда “Центерра Голд” 2009-жылкы келишимдин шарттарына ылайык кадамдарды жасайт. Биздин инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо үчүн арбитраждык сотко кайрылабыз. Кыргыз парламентарийлери, бийлиги сунушталган меморандум эки тарапка тең пайда алып келүүнү көздөөрүн түшүнөт деп үмүттөнөм.

- Азыр сиздердин таразанын ташында 50-50% үлүшкө жетишүү же Кумтөр долбоорун жоготуу турабы? 50% бул жеткен чекпи?

- Мындай долбоорлордо акционердик компаниянын үлүшү 50% кем болбошу керек деген рыноктун талабы бар. Андыктан биздин үлүш мындан төмөн болсо, биздин инвесторлор аны колдобойт. Соттук териштирүү башталса дагы биз адилетсиз келишим түзгөнүбүздү далилдейт.

02:21 26.12.2013

"Центерра Голд" менен сүйлөшүү уланат (25.10.2013)


Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Азаттыкка" курган маегинде алдыдагы эки ай ичинде кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү улантаарын айтты.

"Центерра Голд" менен сүйлөшүү уланат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00
02:52 26.12.2013

Шыкмаматов: “Центерра” 67 пайызга көнүшү күмөн (10.11.2013)


"Азаттык": Кумтөр боюнча макулдашуу жетишилбесе, келишимди бир тараптуу бузууга туура келерин премьер-министр да айтыптыр, мурдараак "келишимди бузууга барууга аргасызбыз" деп президент Атамбаев дагы билдирди эле. Эгер келишим бузулса, өлкөгө кандай зыянын тийгизет?

Шыкмаматов: Келишимди бузуу Кыргызстанга оор түйшүк апкелет. Мамлекеттик капчыкка, экономикага терс таасирин тийгизет. Пенсия, жөлөк пул, айлык акы берүү оорлойт. Бирок Кыргызстандын да башка аргасы жок. Эгерде башка түшкөн ушул кыйынчылыкты эл көтөрүүгө даяр болсо, биз "Центерра Голд" менен соттошууга барууга даярбыз. Анткени биз канчалык корккон сайын, алар өз пайдасына иштөөгө аракет кылат.

"Азаттык": “Центерра Голд” Жогорку Кеңештин чечимине каршы?

Шыкмаматов: Алар каршы, “макул эмеспиз, биздин акционерлер жана директорлор кеңеши каршы. Кыргызстанга эч качан 67% үлүш берилбейт, бере албайбыз, андан көрө соттошобуз” дешти. Биз дагы парламенттин токтомун буза албастыгыбызды айттык.

"Азаттык": Кыргызстандын Кумтөрдүн 67% үлүшүн алабыз деген сунушуна "Центерра Голд" көнөбү?

- Менин оюмча, "Центерра Голд" 67% көнүшү күмөн. Алар дагы өз акционерлеринин катуу басымына кабылып жатканын айтууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG