Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Миллер: "Газпром" Кыргызстанга 20 млрд. рубль инвестиция кылууга даяр


“Газпром” Кыргызстанды газ көз карандысыздыгына жеткирүүнү көздөйт.

Бул тууралуу аталган ишкананын башкармалык төрагасы Алексей Миллер президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учурда билдирди. Ал мурда келишилгендей «Газпром» Кыргызстандын газ секторуна 20 млрд. рубль инвестициялоого даяр экенин айтып, өлкөнүн аймагында да жаратылыш газынын кендерин чалгындай турганын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын «Газпром» менен кызматташуусу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жана энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүнүн маанилүү бөлүгү экенине ишеничин билдирди.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай жолугушуу 25-декабрда мамлекет башчынын Москва шаарына иш-сапарынын алкагында болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG