Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Депутаттар Текебаев менен Мадеминов мушташа кетти


Парламентте депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Мурадыл Мадеминов мушташа кетти. Чыр экономика министри Темир Сариев сүйлөп жатканда чыкты. Анын сөзүн угуунун кажети барбы же жокпу деген маселеден улам эки депутат айтышып, мушташа кетти.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кумтөр маселеси каралып жатат. Өкмөт Кумтөр боюнча инвестор менен жаңы биргелешкен ишкана түзүп, андагы үлүштү 50/50 кылуу долбоорун парламенттин кароосуна сунуштаган. Ага чейин да ушундай сунуш берилгенде парламент аны кабыл албай, Кыргызстандын үлүшү 67%дан кем эмес болушун талап кылган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG