Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Кумтөр келишимине байланыштуу 12 адамга айып тагылган


Кумтөр алтын кенин иштетүү тууралуу 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен кабыл алынган келишим үчүн жалпысынан 12 адамга айып тагылган. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында Баш прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, келишим боюнча өкмөттүн токтомун даярдаган эксперттер тобунун беш мүчөсүнө, мурдагы министрлер Болот Абилдаев, Курманбек Осмонов, Темирбек Акматалиев, Садридин Жээнбеков, мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев, мамлекеттик мүлк комитетинин мурдагы төрага орун басары Анатолий Макаров жана "Кыргызалтындын" мурдагы башчысы Камчыбек Кудайбергеновго "коррупция" деген берененин негизинде айып тагылган. Козголгон кылмыш иштер тергелип бүтүп, сотко өткөн. Курманбек Осмоновдун оорусуна байланыштуу азырынча терөө жүргөн жок. Ал эми Макаров менен Кудайбергенов дүйнөдөн өтүп кеткенине байланыштуу аларга карата кылмыш иш токтотулган.

Парламент 2003-жылы Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен "Камеко" түзгөн келишимди коррупциялык деп эсептейт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG