Ушу тапта Жети-Өгүздүн Саруу айылында 20 чакты киши чогулуп турат. Алар парламенттин Кумтөр боюнча жыйынын радиодон угуп, өз пикирин айтууда. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, акциянын катышуучулары Кумтөрдөн казылып алынган алтындын 70%ын Кыргызстан өзүнө алышы керек деген талап коюуда.
Бүгүн өкмөт парламентке Кумтөрдөгү үлүштү 50/50 кылуу сунушу менен келип, суроо-жооп болуп жатат. Парламент ага чейин кыргыз тараптын үлүшү 67%дан кем болбосун деген талап койгон. Саруу айылында май айынан бери Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылган акциялар өтүп келатат. (MK/RK)