Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Президенттик балатыга 800 бала катышты


Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өттү. Республиканын баардык аймактарынан келген 800 бала майрамдык концерт көрүп, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан белек алды. Жаңы жылдык майрамга мектепте жакшы окуган, олимпиаданын жеңүүчүсү аталган окуучулар жана майып балдар катышты. "Шаттык", "Байчечекей" жана "Ак Шоола" музыкалык топтору кичинекей конокторго майрамдык маанай тартуулап, ырдап, бийлеп беришти. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө балдарды жакшы менен жаманды ылгай билүүгө чакырып, ийгиликке мээнет аркылуу гана жетсе болоорун айтты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG