Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Кытай менен Түштүк Корея жапон премьер-министрине нааразы


Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Токиодогу Ясукунинин мемориалына барды. Бул жерде Экинчи Дүйнөлүк согушта Жапония үчүн көз жумган жоокерлердин жана арасында Токио трибуналы тарабынан айыпталган согуш кылмышкерлеринин элесине арналып храм тургузулган. Азияда Ясукуни милитаристтик символ болуп эсептелет.

Абэнин сапары Кытайдын жана Түштүк Кореянын каттуу сынына кабылды. Кытайдын тышкы иштер министри бул сапарды “Кытай эли үчүн акылга сыйбаган” жорук катары сыпаттаса, Түштүк Кореянын өкмөтүнүн өкүлү Сеул абдан капаланганын жана ачуусу келгенин билдирди. Бирок Абэнин айтышынча, ал кытай жана корей элдерин кемсинткиси келбегенин, бул сапар анын согушка каршы турумун билдирерин айтты.

Синдзо Абэ - 2006-жылдан бери Ясукуниге сапары менен барган биринчи премьер-министр. Мурдагы преьмер-министр Дзюнъитиро Коидзуми 2001-2006-жылдары жыл сайын ал храмга барып, ал убакта Кытай менен мамилелер кыйла бузулган.

Акыркы убакта Кытай менен Жапониянын ортосунда Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдар боюнча пикир келишпестиктер күчөдү.

XS
SM
MD
LG