Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:12

Ысык-Көлдө быйыл 42 мыйзамсыз митинг өттү


Ысык-Көл облусунда быйыл 42 мыйзамсыз митинг өттү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында облустук ички иштер башкармалыктын тергөө бөлүмүнүн башчысы Жалил Сырдыбаев билдирди. Анын айтымында, митинг учурунда катталган мыйзам бузуулар боюнча 7 кылмыш иш козголгон. Алардын экөө сотто каралууда.

Быйыл Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын улутташтырылышын талап кылган нааразылык акциялары Караколдо жана Жети-Өгүздүн Саруу айылында өттү. Алардын көбү жол тосуу менен коштолду. Каракол шаарындагы митинг учурунда өкмөттүн өкүлү барымтага алынган. Бирок митингчилер муну бийлик тарабынан жасалган чагымчыл аракет экенин айтууда. Каракол окуясы боюнча сегиз киши соттолууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG