Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

ЖК: Кумтөр маселеси фракция жана комитеттерде каралат


Парламентте Кумтөр маселесин талкуулоо эми фракцияларда жана комитеттерде уланат. Мындай чечим бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү Кумтөрдү иштеткен канадалык инвестор "Центерра" компаниясы менен жетишилген келишим долбоорун экинчи ирээт сунуштады. Анда келерки жылдан тарта жаңы биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү теңме-тең бөлүшүү тууралуу айтылат. Бирок парламент Кыргызстандын үлүшү 67%дан кем болбосун деген позицияны карманууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG