Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Турдакун Усубалиев "Манас" университетинин ардактуу доктору аталды


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кыргыз мамлекетинин экономикалык, илимий-маданий жактан жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө, Кыргызстандын тарыхы жана саясий тарых илимдеринин өнүгүшүнө, эгемен Кыргызстанда парламенттик системанын түптөлүшүнө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик жана коомдук ишмер, тарых илимдеринин кандидаты Турдакун Усубалиевге Ардактуу доктор наамы ыйгарылды.

Наамдын мантия жана дипломун тапшыруу салтанаты университтин ректору Себахаттин Балжы, биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев башында турган Окумуштуулар кеңешинин катышуусунда өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Манас" университетинин коомчулук менен байланыш кызматкери Айзат Таласбаева билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG