Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:13

Таиландда кагылышууларда бир полициячы мерт кетти


Таиланд бийликтери Бангкокто коопсуздук күчтөрү менен өкмөткө каршылардын ортосундагы кагылышууларда бир полиция кызматкери мерт кеткенин кабарлашты. Полиция кызматкерлеринин айтымында, офицер стадиондун жанында ок жеп, көз жумду. Стадиондо келерки жылдын феврал айына белгиленген, мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого талапкерлер катталып жаткан.

Шайлоо комиссиясы коопсуздук маселелеринен улам шайлоолорду кийинкиге жылдырууну суранды.

Ишемби күнү оппозициялык Демократиялык партия шайлоого бойкот жарыялап, көчөдөгү демонстрацияларды улантууга үндөгөн.

Премьер-министр Йинглак Чинават узакка созулган демонстрациялардан кийин парламентти таркатып, өзү кызматтан кеткен. Бирок жаңы шайлоого чейин өкмөт иштей бермекчи.

Оппозиция утурумдук өмөттүн кетишин, жаңы премьердин дайындоону жана саясий реформаларды жасоого «элдик курултайды» чакырууну талап кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG