Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

"Гринпистин" 14 мүчөсүнө Орусиядан чыгууга виза берилди


"Гринпистин" мунапыс алган 14 мүчөсүнө Орусиядан чыгууга виза берилди, калганы жума күнү кайрылышкан. Орусиядан чыгуу үчүн визага жалпысынан 20 адам кайрылган.

Бүгүн “Гринпис” экологиялык уюмунун жана “Арктик Санрайз" кемесинин бардык мүчөлөрүнүн кылмыш иштери мунапыс боюнча токтотулганы маалым болгон. Алар Арктикада мунайдын өндүрүлүшүнө каршы акция өткөрүп жатканда "ээнбаштык" боюнча камакка алынышкан эле. Алар Конституциянын 20 жылдыгына арналган мунапыс боюнча кылмыш иштери токтотулгандыгы тууралуу документти колдоруна алышты.

Бул иш боюнча мунапыска илинген 20дан ашык чет өлкөлүк миграциялык кызматка кайрылды. Алардын айрымдары Орусиядан бүгүн эле кете алышат. Бул тууралуу “Гринпистин” Орусиядагы бөлүмү Твиттер социалдык тармагында жарыялады.

Бразилиялык, аргентиналык, түрк, украин активисттер мекенине кайта алышат, себеби бул өлкөлөр менен Орусиянын ортосунда визасыз каттам иштейт.

Ал арада мунапыс менен бошотулган "Гринпистин" дагы бир мүчөсү, Швециянын жараны Дмитрий Литвинов тергөө органдары менен күрөштү улантаарын жарыялады. Анын пикиринде тергөө органдары мыйзамсыз камак үчүн кечирим сурашы керек. Ал бул боюнча сотко кайрылат.

"Гринпистин" 30 активисти 19-сентябрда орус чек арачылары тарабынан кармалган. Алар Баренц деңизинде “Газпромдун” платформасында акция өткөргүсү келишкен. Алгач "каракчылык", андан соң "ээнбаштык" боюнча күнөөлөнүп, эки айга камалышкан. Бир ай мурда Санкт-Петербургдун соту аларды күрөөгө бошоткон. Акыркы болуп италиялык Кристиан д’Алессандронун кылмыш иши токтоду. Калгандар мындай документти бир күн мурда алышкан.

XS
SM
MD
LG