Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Тажикстан: Саидовдун адвокаттары сотко кайрылышат


Тажикстанда 26 жыла түрмөгө кесилген ишкер Зайид Саидовдун адвокаттары өкүмдүн көчүрмөсүн алаары менен аппеляциялык арыз менен сотко кайрылаарын бышыктады.

Ишкер Саидов бир катар экономикалык кылмыштар жана жашы жете элек кыздар менен сексуалдык мамиледе болгон деген айыптар менен шаршембиде 26 жылга кесилген эле. Анын адвокаттары болсо Душанбедеги бай ишкер жаңы партия түзүү аракети үчүн куугунтукка кабылганын айтышууда.

26-декабрда Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту Саидовдун эки санаалашын жана үч тууганын 120 сомони (25 доллар) айып пул салып бошотту.

XS
SM
MD
LG