Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Айткуловдун абалы дурус, бирок толук айыга элек


Адвокат ооруканадан чыгып, учурда үйүндө дарыланып жатканы тууралуу “Азаттыкка” анын иниси Хансар Айткулов билдирди. Анын айтымында, Икрамидин Айткуловго операция жасалган.

Адвокат Икрамидин Айткуловду 13-ноябрда үйүнүн жанынан белгисиз кишилер сабап кеткен. Баш мээси чайкалып, тиштери жана сол буту сынган. Бети-башы көгала болуп, реанимацияга түшкөн. Айткулов токмоктолгондон кийин милиция өзүнүн булактарына таянып, адвокаттын жанынан 10 миң доллар, 7 миң сом жана чөнтөк телефону тонолгон деп маалымат тараткан жана талап-тоноочулукка байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Айткуловдун өзү жана жакындары бул сабоо атайын буйрутма менен жасалган, мунун артында азыркы бийлик турат деп келет.

Башкы прокуратура бир нече жолу Икрамидин Айткуловду адвокаттык лицензиясынан ажыратуу маселесин көтөрүп чыккан болчу. Бул факт боюнча Бишкектеги Свердлов райондук милициясы иликтөөнү улантууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG