Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Акыйкатчы мектеп жетекчилерине эскертүү берди


Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Ысык-Көл облусундагы Темир орто мектебинин директоруна окуучулардын Конституциялык укуктарын бузганы үчүн эскертүү берди.

Акыйкатчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жоолук салынган кыздарды мектепке киргизбей коюу менен жетекчи баланын милдеттүү түрдө билим алуу укугунан жана анын дин ишеними эркиндигинен ажыратканы үчүн эскертүү алды. Мурдараак ушундай эле эскертүү Бишкектеги №91 орто мектептин директоруна да берилген. Учурда Акыйкатчы институтунда “жоолук салынганы үчүн окуучу кыздарын мектеп директорлору сабакка киргизбей койгонуна” даттанган дагы тогуз арыз каралууда.

Окуу жылынын башында айрым мектеп жетекчилери жоолук салынган кыздарды мектепке киргизбей, жалпы мектептин уставында каралган мектеп формасын кийип келүүнү талап кылышканы тууралуу нааразылыктар айтылган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG