Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Дудук-дүлөйлөрдүн мектебине окуу китептери берилди


Москвадагы элчилик Бишкектеги №21 мектеп-интернатка окуу-методикалык китептерди жиберди. Бишкек шаарындагы дудук-дүлөй балдардын мектеп-интернатына атайын окуу китептери: “Сүйлөө”, “Сүйлөөнү үйрөтүү”, “Азбука”, “Жаратылышты таануу”, “Математика”, “Орус тили”, “География” жана “Физика” китептери берилди.

Элчилик аркылуу бул китептерди “Орусиялык балдар фонду” кайрымдуулук иретинде берген. Өткөн жылы да аталган фонд тарабынан Бишкектеги жана Кара-Суу шаарындагы дудук балдар мектеп-интернаттарына керектүү окуу-методикалык китептери жиберилген.

Китептер Кыргызстанга Орусиянын Канттагы аба базасы аркылуу жеткирилген.
Бул тууралуу Москвадагы Кыргызстандын элчилиги кабарлады.(ZKo)
XS
SM
MD
LG