Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Мектептерде өрт кырсыгы көп катталууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйылкы жылы Кыргызстанда мектептерде өрт кырсыгын каттоо 95% көбөйгөнүн маалымдады. Өткөн жылы 22 мектепте өрт чыккан болсо, быйыл 43 мектеп күйгөн. Акыркы декабрь айында эле 4 мектепте өрт чыккан. Бул мектептерде өрт негизинен мештерди туура эмес куруудан жана электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан.

Азыркы учурда мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилерде, мамлекеттик жана менчик мекемелерде өрт коопсуздугунун алдын алууну көзөмөлдөө жана текшерүү өкмөт алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына жүктөлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG