Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн бир күндүк иш сапарга Ошко барды. Премьер-министрдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, алгач Сатыбалдиев Ош шаарындагы көзү начар балдар окуган мектеп-интернатка барып, анын тарбиялануучуларын Жаңы Жыл менен куттуктайт. Ал эми түштөн кийин жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрөт. Ошондой эле аксакалдар жана жаштар менен жолугат. (RK)