Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Баткен: Вагондо окуган балдар белек алды


Баткендин Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл округуна караштуу Дюкер айылында мектеп имараты жоктугунан вагондо окуп жаткан 28 балага жаңы жылдык белектер берилди. Аяз ата менен келген “Баяман баатыр” дүң базарынын ээси Умсунай Эркинбаева чек аралаш аймактын балдары ушундай шартта билим алып жатканын мурда билбегенин, вагондогу окуучулардын абалы тууралуу “Азаттык” радиосунан кабардар болуп жаңы жылдык белек берүүнү чечкенин айтат. Дюкер айылында 28 окуучу вагондо билим алып жатканы тууралуу маалыматты “Азаттыктын” кабарчылары жарыялаган болчу. Айылдын түзүлгөнүнө быйыл 5 жыл болду. Мектеп салына элек. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG