Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Бажы бирлик боюнча "жол карта" жазында кабыл алынышы мүмкүн


Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча “жол картасы" келерки жылдын март же май айларында кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, биримдикке кирүү процесси ал картаны кабыл алгандан кийин дагы бир жылга созулушу мүмкүн.

- Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан үчүн кандай көйгөйлөр болоорун биз уюмга мүчө мамлекеттерге ачык айтып жатабыз. Кыргызстандагы ири базарлар, чек аралар, 200 млн долларлык фонд жана өндүрүштөр боюнча шарттарды айттык. Алардын өз позициялары, ал эми биздин жогорудагы проблемаларды эске алган өз кызыкчылыгыбыз бар, - деди Оторбаев.

Жоомарт Оторбаев ошондой эле "Бажы биримдигинин мүчөлөрү биздин модель Европа биримдигине окшош болот деп айтып келатат. Европа биримдигинде жаңы мүчөлөрдү колдой турган өздөрүнүн фонду бар" деп эскертти.

Бажы биримдигине Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Кыргызстандын бул уюмга киришинен пайдабы же зыянбы, талдоочулар арасында азырынча бирдей пикир жок. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG