Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Египетте Мурсинин жактоочулары полиция менен кагылышты


Каирде бүгүн коопсуздук күчтөрү “Мусулман агайындар” кыймылынын колдоочулары менен кагылышты. Демонстранттар “Ал-Азхар” университетинде армияга каршы чакырыктарды кыйкырышканда аларды басыш үчүн полиция көздөн жаш чыгарган газ колдонгон.

Өткөн түнү ушундай эле кагылышта кеминде бир адам өлгөн эле. Полиция менен тиреш Каирдин дагы эки башка районунда жана Исмаилия шаарында болду. Армия бийликтен кулаткан президент Мухаммад Мурсинин “Мусулман агайындар” кыймылы кеңири демонстрацияларга үндөгөндөн кийин полиция Каирдеги негизги аянттарды жапкан эле.

XS
SM
MD
LG