Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Украинада журналисттин сабалышына шектүү беш адам кармалды


Украин полициясы 25-декабрда журналист Тетьяна Чорновилди сабаган болушу мүмкүн деген шек менен кармагандардын саны беш адамга жетти. Өлкөнүн Тергөө директоратынын башчысы Микола Чынчын жума күнү Ички иштер министрлигинин интернеттеги сайтына жарыяланган видеодогу билдирүүсүндө ал кишилер журналисттин сабалышына байланыштуу кармалганын айтты.

Чорновил буга чейин жогору даражалуу чиновниктердин коррупциялык иштерин иликтеп келгени маалым. Түнкүсүн аны белгисиз бирөөлөр машинесинен сууруп чыгып урушкан. Мээси чайпалып, мурду сынган кабарчы азыр Киевдеги ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG