Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Бишкек: Шаардык кеңеш мэрликке талапкерди майрамдан соң көрсөтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов бүгүн кабарлады.

“Учурда өз ара кеңешип, фракциялар менен иштеп жатабыз. Азыр майрамдык иш-чаралар абдан көп болууда. Ошондуктан жаңы жыл майрамынан кийин мэрликке талапкерди көрсөтөбүз”, - деген Аманкуловдун айтымында, шаардык кеңеш, анын ичинде Социал-демократтар фракциясы азырынча кайсы бир талапкерге токтой элек.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 2014-жылдын 15-январына белгиленген. "Борбор калаанын макамы жөнүндө" жана “Ош шаарынын макамы жөнүндө” мыйзамдарга ылайык, эки шаардын мэрлери мамлекеттик тилди билиши керек, ошондуктан ммлекеттик тил боюнча комиссия талапкерлердин деңгээлин текшерет. Бул эки шаарда мэрликке талапкерлердин аттары расмий айтылбаганы менен шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатканы айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG