Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Мектеп формасы боюнча жумушчу топ ишин аяктап калды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Марат Үсөналиев кабарлады. Анын айтымында, мектеп формасын бир жолго коюу боюнча түзүлгөн жумушчу топ ишинин жыйынтыгын келерки жылдын январь айында чыгарганы жатат. Учурда форманын үлгүлөрү каралып, талданууда. Жумушчу топко ата-энелер, билим берүү тармагындагы өкүлдөр кирген.

Окуу жылынын башында айрым мектеп жетекчилери жоолук салынган кыздарды мектепке киргизбей, жалпы мектептин уставында каралган мектеп формасын кийип келүүнү талап кылышканы тууралуу нааразылыктар айтылган болчу.

Жакында жоолукчан окуучу кыздарды мектепке киргизбеген директорлорго аймактык билим берүү мекемелери эскертүү берген. Акыйкатчы институту да ушул тушта хижабчан окуучуларга байланыштуу 10дой арызды териштирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG