Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Египеттеги кагылышта дагы төрт адам өлдү


27-декабрда полиция менен “Мусулман агайындардын” жактоочулары ортосунда болгон кагылышта 187 киши жарадар болгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Каирде жана башка төрт шаарда болгон тополоңдон соң аялдар менен кошо 265 адам кармалган.

24-декабрда жанкечти жардырган бомбадан 16 адам өлгөндөн кийин Египет өкмөтү “Мусулман агайындарды” террорчу уюм деп жарыялаган. "Агайындардын" ырасташынча, бомба чабуулуна алардын эч кандай тиешеси жок.

“Мусулман агайындар” колдогон Мухаммед Мурси июлда армия тарабынан президенттиктен төңкөрүлгөндөн тарта генералдар колдогон Египет өкмөтү исламчыл уюмду кысмакка алууну күчөттү.

XS
SM
MD
LG