Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Түркияда полиция демонстранттар менен кагылышты


Полиция 27-декабрда Стамбул жана Анкарадагы демонстрацияларды көздөн жаш агызчу газ, желим ок атып, суу бүркүп таркатты. Акцияга чыккандар өкмөт мүчөлөрү аралашкан коррупциялык окуялардан улам премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

”Мен бул жерге “Түркияны талап-тоноону токтоткула” деп айтканы келдим. Мен паракорчулукту айыптайм жана өкмөттүн отставкасын талап кылам”, - дейт анкаралык Халук Солак.

Эрдоган башкаруучу "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын жактоочулары алдында сүйлөп, ага каршы нааразылыктарды кайра эле Түркияны бейстабилдештирүүнү каалаган чет элдиктердин кутуму деп атады жана сотторго “Соттор суверендүүлүктү эл колунан алганга аракет кылганы үчүн жооп берет”, –деп эскертти.

Жаңыланган өкмөттүн мартабалуу чиновниктердин үстүнөн ачылган тергөө жөнүндө маалымдап турууну полициядан талап кылган чечимин сот жума күнү жокко чыгарган.

Өкмөткө каршы митингдер полиция 21-декабрда 24 адамды, анын ичинде үч министрдин баласын жана өкмөттүк банктын башчысынын коррупцияга аралашкан деген шек менен камакка алгандан кийин ырбады.

XS
SM
MD
LG