Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Пакистанда дарыгерлерге кайрадан кол салынды


Пешавар шаарынын четиндеги ооруканага жасалган чабуулдан полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзгөн дарыгер набыт болду. Оорукананын эки кызматкери, анын ичинде бир аял дарыгер жараат алганын полиция билдирди.

Хайбер-Пахтунква провинциясынын саламаттыкты сактоо министри Шаукат Юсуфзай адамды шал кылчу жугуштуу ооруга каршы эмдөө жүргүзгөн адамдарга каршы чабуулду айыптап, дарыгерлерди коргоону күчөтүүгө чакырды.

2013-жылы Пакистанда шалга каршы эмдөө жүргүзгөн ондогон дарыгерлер жана аларды коргогон полициячылар өлтүрүлдү. Согушчандар балдарды шалга каршы эмдөөгө каршы жана кээ бир жерлерде элди эмдөөгө каршы үгүттөп да, коркутуп да жүрүшөт. Пакистан шал эпидемиясы жоюла элек дүйнөдөгү үч өлкөнүн бири.

XS
SM
MD
LG