Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Президент Си Цзинпин эл катары кезекке турду


Кытай президенти Си Цзинпин Бээжиндеги кадимки кафелердин (Qing-Feng Dumpling Shop) бирине кирип, узук кезекке туруп, өзүнө 21 юань же 180 сомдук тамак заказ берди. Ал 1948-жылы негизделген улуттук ресторандан чочконун эти кошуп бышырылган “баоцзы” боорсогун, чочконун куурулган боорун жана бир тарелка жашылча алып жеди.

Ресторан ээсинин айтымында, ал төрага келери жөнүндө бейкабар болгон. Синин ресторандагы башка кардарлар менен баарлашып турган сүрөтү 28-декабрда Sina Weibo социалдык түйүнүндө, Твиттердин кытай версиясында окурмандардын жылуу сөздөрү менен кошо пайда болду. Си Цзинпин, "Ассошэйтед пресстин" маалымдашынча, ресторанга коштоочулары менен бирге келген, бирок алдын ала атайын коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес.

Жыл башында Кытай лидери Бээжинде такси менен жүрдү деген кабар өлкө калкы арасында «дүң» эткен. Бирок бул кабар кийин калп болуп чыккан.

XS
SM
MD
LG