Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Москвада тажик жараны өлтүрүлдү


Тажикстандын бийликтери Орусияга кайрылып, Москвада тажик жаранын өлтүргөн адамды таап, жазалоону талап кылды. 32 жаштагы Сохжан Рахмотшоевдин айоосуз өлтүрүлүшүнө байланыштуу Орусия жетекчилигине терең тынчсыздануу билдирилгенин 28-декабрда Тажикстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү Музхаммад Эгамзод маалымдады.

26-декабрда кечинде Рахмотшоевди Москвадагы батиринин жанында белгисиз бирөөлөр денесине 25 жолу бычак уруп, мууздап кетишкен. Кол салгандар анын жанындагы акчасына тийген эмес. Маалыматка караганда, Рахмотшоевдин денесин ошол замат таануу мүмкүн болгон эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG