Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Шейх Али Салман Бахрейнден сыртка чыга албайт


Бахрейнде шииттердин ири оппозициялык группасынын лидери кармалып, сурак берди. Падышалыктын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, ал-Вефак ислам ассоциациясынын мүчөсү Шейх Али Салман жума күнү (27-декабрь) сүйлөп, элди жаатчылыкка, зобун-зордукка жана тополоңго үндөгөн.

Шейх үйүнө койо берилип, бирок чет өлкөгө чыгуусуна тыйуу салынганы расмий кабарланды. Ал-Вефак ассоциациясы 2011-жылы февралда саясый реформа жүргүзүүнү талап кылган толкундоолордун башында турган. Оппозициянын маалымдашынча, демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн 2011-жылкы тирешүүлөрү кезде жүздөн көп адам апаат болгон.

Бахрейн Перс булуңундагы арал мамлекет. Өлкөнү суннит азчылыгы башындагы монарх башкарат. Бахрейнде АКШнын 5-деңиз флотунун базасы жайгашкан.

XS
SM
MD
LG