Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

WP: 2017-жылдан кийин Ооганстанда абал начарлашы мүмкүн


АКШ жана анын союздаштарынын Ооганстандын коопсуздугун камсыздоодо акыркы үч жылда жетишкен ийгиликтери 2017-жылы олуттуу зыян тартышы ыктымал. Бул жөнүндө “Вашингтон Пост” (Washington Post) гезити АКШ өкмөтүнүн соңку прогноз-баасына шилтеп кабарлады. Мындай бүтүм АКШнын 16 чалгындоо агенттигинин баасынын негизинде жасалган. Гезиттин жазышынча, АКШ аскерлери Ооганстандагы согуштук операцияларга катышпай калгандан кийин талиптердин өлкөдөгү таасири күчөйт деп боолгонууда.

Прогнозго караганда, АКШ жана Ооган өкмөтү жаңы коопсуздук келишимин түзбөй калса, Ооганстанда “тез эле хаос башталышы ыктымал”. Эки өлкө аралык коопсуздук келишими түзүлсө, 2014-жылы НАТО башында көп улуттуу күчтөр Ооганстандан чыгып кеткен соң ченелүү сандагы америкалык аскерлер өлкөдө калып, Ооган аскерлерин машыктырмак жана антитеррордук операцияларга көмөктөшмөк.

XS
SM
MD
LG