Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

2013-жылы дүйнөдө 70 журналист өлтүрүлгөн


Эл аралык Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматы боюнча узап бараткан жылы дүйнө жүзү боюнча 70 журналист киши колдуу болгон. Анын ичинен 29 маалымат кызматкери Сириядагы согуш учурунда, 10 журналист Иракта өлтүрүлгөн. Комитет жетекчисинин орун басары Роберт Махони билдиргендей, “Жакынкы Чыгыш журналисттердин өмүрү үчүн эң кооптуу аймак” болууда.

Анын айтуусунда, Сириядагы согуш жана Ирактагы сектанттык чабуулдар журналисттердин киши колдуу болуп өлүүсүнө негизги себеп.
Журналисттерди коргоо комитети жалпы дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, репортерлордун жарандык макамын сыйлоого жана журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча сот иштерине көңүл бурууга чакырды.

XS
SM
MD
LG