Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Сауд Арабия Ливанга 3 млрд. доллар убада кылууда


Сауд Арабия Ливандын куралдуу күчтөрүнө аскер техникаларын сатып алуу үчүн 3 млрд. доллар убада кылды. Ливандын президенти Мишел Сулейман акча курал-жаракты Франциядан сатып алуу үчүн жумшаларын билдирди. Жекшембиде сүйлөшүүгө катышкан француз лидери Франсуа Олланд жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Өткөн жума күнү Бейрутта автомобилге коюлган бомбадан суннит лидерлеринин бири, Сириянын бийлигин жана аны колдогон Ливандагы шииттердин “Хезболла” кыймылын сындап жүргөн Мухаммед Шаттах өлгөн.

Сириядагы жарандык согуштан улам Ливандагы шииттер менен сунниттердин ажырымы кеңейип баратканы айтылууда. Ливандын коопсуздук күчтөрү болсо Сириядагы согушта козголоңчуларга жардам берген тарап катары айтылып келет.

XS
SM
MD
LG