Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Жаңы жыл түнү 2 миң милиционер тартипке көз салат


Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 30-31-декабрда борбордук Ала-Тоо аянтына жаңы жылдык тарсылдактарды алып келип, аттырууга тыюу салынат. Алкоголдук ичимдиктерди алып келүүгө жана сатууга да тыюу салынган, аянтка жакын соода түйүндөрү да бул күндөрү алкоголдук ичимдик сатууга акысы жок. Шаардыктардын жана шаар конокторунун коопсуздугуна эки миң милиция кызматкери көз салат.

Жалпы республика боюнча милиция 29-декабрдан 4-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG