Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Апрель окуясында унаасынан ажыраган жаранга мамлекет акча бөлдү


2010-жылдын апрель окуясында унаасынан ажыраган Жалал-Абад облусунун тургунуна мамлекет акча бөлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты. Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну Исраилжан Уразбаев милицияга техника жетпей турган чакта аларды өз автоунаасы менен башаламандык болуп жаткан жерге жеткирген. Ал жактан белгисиз бирөөлөр анын мурда 18 миң долларга сатып алып, айдоочулук менен үй-бүлөсүн багып жүргөн менчик “Мерседес-Бенц-709” үлгүсүндөгү чакан автобусун өрттөп жиберген. Ички иштер мекемесинин жетекчилигинин койгон маселесинен улам Исраилжан Уразбаевдин арызына ылайык ага үч жыл мурда тарткан зыяны үчүн 819 миң сом төлөнүп берилди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG