Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Шумахердин абалы оор бойдон кала берүүдө


"Формула-1" мелдешинин ардактуу эс алуудагы чемпиону Михаил Шумахер Гренобл ооруканасында өлүм менен күрөшүүдө. Дарыгерлердин айтымында, лыжа тээп жүрүп, асканы сүзүп алган 44 жаштагы атактуу спортчу азыр ийне сайылгандан кийин эс-учун билбей жатат.

Шумахер туулган Германиядагы Керпен шаарынын тургуну Матиас Лох буларды айтты:

- Канча жылдардан бери машинаны зуулдатып айдап жүрдү, мынчалык эч нерсе болгон эмес эле. Эми эс алып жүргөндө ушундай болгонуна биз өтө кайгырып жатабыз.

2006-жылы эс алууга чыккан Шумахер төрт жылдан кийин спортко кайтып келип, "Мерседес" менен үч жыл мелдештерге катышкан. Жети жолку дүйнө чемпиону былтыр кайра эс алууга чыккан эле. 91 жолу жеңишке жетишкен Шумахер "Формула-1дин" эң атактуу айдоочусу саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG