Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Волгоградда эмчектеги бала куткарылды


Вице-премьер Ольга Голодец Волгоград сыналгысынан сегиз айлык деп болжолдонгон ымыркай баланын аман калганын, бирок анын ата-энеси өлгөндөрдүн арасында болушу мүмкүн экендигин билдирди.

Голодец ошондой эле эки кишинин абалы өтө оор экендигин кошумчалады.

Эки күн ичиндеги эки жардырууда 30тан ашык кишинин өмүрү кыйылгандан кийин Орусиянын президенти Путин бүт өлкө боюнча коопсуздук чараларын күчөтүүгө буйрук берди.

Ички иштер министрлиги унааларды текшерүү көбөйүп, киши көп жайларга «өзгөчө көңүл бурулаарын» бышыктады. Кол салуулардан 60тай киши жараат алды.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматында, жан кечтилердин колунан келди деп шектелген эки жардыруу бирге пландалган болушу мүмкүн. Тергөөчүлөр "кол салууну Түндүк Кавказдагы исламчыл согушкерлер уюштурду" деп шек санашууда.

XS
SM
MD
LG