Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Мургабда "Ашык Ордо" стадиону курула баштады


Ушул айда Мургаб шаарында кыргыздын улуттук ордо оюну ойноло турган стадиондун пайдубалы тургузулду. Бишкектеги "Кыргыз аты" коомдук бирикмесинин Мургабдагы өкүлү Сулайман Олжочиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, курулушту "Ашык Ордо" оюну боюнча жылда өтүүчү февраль айындагы мелдешке карай бүтүрүү пландалууда. Стадиондун курулушуна Мургаб районун жетекчилиги менен жергиликтүү ишкер Кожомберди Ниязбеков жана француз фирмасы финансылык көмөк бөлгөн. (jch)

XS
SM
MD
LG