Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

Кыргызстан - Кытай макулдашуусу ратификацияланды


Кыргызстан - Кытай газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 30-декабрда кол койду. Аталган келишимге 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-декабрда кабыл алынган.

Жардыкка ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кытай тарапка Кыргызстанда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирүү тапшырмакчы.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG