Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Грузиянын башкы прокурору кызматтан кетти


Башкаруучу “Грузин кыялы” коалициясынын мүчөсү Отар Парцкхаладзе баш прокурорлук кызматка алты жума мурун эле отурган. Экс-президент Михаил Саакашвилинин союздаштары ал 2001-жылы Германияда тоноо үчүн соттолгон деген маалыматты айтып чыгышты. Парцкхаладзе болсо Германияда полицияга баш ийбей койгону үчүн гана соттолгонун билдирүүдө. Дүйшөмбүдөгү кайрылуусунда ал “өмүр баянындагы маселелерге байланыштуу” кызматтан кетип жатканын айткан. Баш прокурордун арызын өкмөт башчы кабыл алды.

Башкаруучу партиянын мүчөлөрү Парцкхаладзенин иши мамлекеттик жогорку кызматтагы чиновниктерди текшерүүгө каршы чыгып жаткандарга карата жасалганын айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG