Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Нарында жаш активист сабалды


Нарында "Бүткүл Кыргызстан" жаштар партиясынын лидери Чыңгыз Капаровго кол салуу болду. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" өзү кабарлады. Окуя 26-декабрда болгон. Катуу сабалган Капаров учурда ооруканада жатат. Ал милицияга арызданганын, бирок кылмышкерлер дагы эле кармала элегин айтууда.

ИИМден "Азаттыкка" кабарлашкандай, учурда бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Сентябрда оппозиция өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен булгоону пландаганын айткан тасма тараган.

Бул тасма коомчулукка “Юпи операциясы” деген ат менен тараган. Оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөр чындыкка дал келбесин айтып, аны бийликтин уюштурган чагымы деп сыпаттаган. Тасмада уюштуруучулардын катарында депутат Курманбек Осмоновдун коомдук жардамчысы Чынгыз Капаров да бар экени айтылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG