Өкмөттүн ачык жыйындарынын аудиосу жана видеосу интернетке сөзсүз жайгаштырылат. Бул тууралуу мыйзамга президент кол койду. Ага ылайык, жалпы жыйындан жаздырылып алынган файлдар өкмөттүн интернеттеги gov.kg расмий сайтына эки күндөн кечикпей чыгышы керек. Ал эми жабык жыйындар жарыяланбайт. (RK)