Бишкекте Аяз ата, Аяз кыздардын майрамдык жүрүшү өттү. Жүзгө жакын Аяз ата, Аяз кыз жана түрдүү жомок, мультфильмдердин каармандары болуп кийингендер Ала-Тоо аянтынан Бишкек мэриясына чейин жөө басып барды. Аларды ырчы-чоорчулар ыр-бийи менен коштоп барды. Мэриянын алдынан Аяз ата шаардыктарга кайрылып, Жаңы жылдык куттуктоосун айтты. (RK)