Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

ЕККУ өкүлү Казакстандын сотуна ишенбегенин айтты


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун мартабалуу өкүлү казакстандык качкын олигарх, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун мурдагы жанжигити Александр Павлов менен Мадридде кездешти. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Демократия жана адам укуктары боюнча комиссиясынын төрайымы Изабел Сантостун билдиришинче, Павловдун саламаттыгы жакшы жана ал өзүнө коюлган бардык айыптады негизсиз деп эсептейт. Павлов Казакстанга өткөрүлсө укугу бузулушу мүмкүн, деп тынчсызданганын баса белгиледи Сантос айым.

Павловду былтыр Испанияда Интерпол Казакстандын өтүнүчү боюнча камакка алган. Мекенинде террорчулук кылган, мамлекеттик мүлктү уурдаган деп айыпталып жаткан Павловго Испания саясый баш паанек бербей койгон. Адам укугун коргоочу уюмдар Павлов Казакстанга берилсе, кыйноого алынып, адилетсиз соттолот деп чочулашат. Казак бийликтери Мухтар Аблязовду өзү жетектеген БТА банкынан 2009-жылы 6 миллиард доллар уурдаган деп күнөөлөп жүрөт.

XS
SM
MD
LG