Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:32

Азербайжан активисттери коомдук тартипти бузду деп айыпталды


Азербайжан активисттери согуш ардагерин колдоп демонстрация өткөргөнгө аракеттенгени үчүн соттолду. Коомдук жайларда жыйналуу жөнүндөгү мыйзамды бузду деп айыпталган бир активист 15 күнгө, беш активист 15 күндөн 18 күнгө чейин абакка отургузулду. Башка 16 активистке 350 жана 500 манат же 445 - 637 АКШ доллары өлчөмүндө айып салынды.

Алар 29-декабрда 42 жаштагы Заур Хасанов Өкмөт үйү алдында өзүн өрттөп өлгөндөн кийин нааразылык акциясын өткөргөнү жатканда кармалган. 1990-жылдардын башындагы Тоолуу Карабак согушунун катышуучусу Хасанов мартабалуу өкмөттүк чиновниктердин ага жасаган адилетсиз мамилесине нааразылык иретинде өзүн өрттөгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG