Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Украин оппозициясы антиөкмөттүк акцияларды улантат



Украинанын оппозициячыл партиялары жана алардын тарапкерлери тынч демонстрацияларды өлкө боюнча уланта беришет. Бул жөнүндө оппозициядагы УДАР партиясынын лидери, бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Виталий Кличко “Азаттык” радиосуна маалымдады:

- Биздин кийинки кадамыбыз - элди жалпы улуттук, жалпы украиналык иш таштоого чакыруу. Биз тынч нааразылык чыгууларды, бардык аракеттерди мыйзамга ылайык жасайбыз. Биринчи жолу акцияны беш эле мүнөт, кийинки жолу бир саат, анан бир күн бою өткөрөбүз. Биз муну менен азыркы өкмөт менен же анын башкаруусу астында жашаганды каалабагынбызды шарданалайбыз.

Украинанын Европага саясый-экономикалык жактан жакындашуусун колдоп ноябрдын аягынан баштап ар дем алыш сайын Киевдин ортолук майданында болгон демонстрацияларга он миңдеген адамдар катышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG