Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Жаңы 2014-жыл Чыгышта жаңырды


2014-жылды Австралия, Жаңы Зеландия, Орусиянын Ыраакы Чыгышы биринчилерден болуп утурлап алышты. Тынч океандын алкагында жашаган өлкөлөрдүн эли да жаңы жылды тосушту. Жаңы Зеландиянын байтакты Окленддин ортосундагы асман жиреген мунара (SkyTower) саат түнкү 12ни какканда түрдүү нурларга боёлду. Сиднейдеги атактуу Опера үйүнүн тегерегинде майрамдык фейерверхтер асманга атылды.

Индонезиянын өзгөчө макамдуу Ачех провинциясынын административдик борбору Банда-Ачехтин тургундарына Жаңы жылды көчөгө агылып чыгып майрамдоого тыюу салынды. Провинцияда кабыл алынган шарият канондоруна ылайык, Жаңы жылды ырдап-бийлеп тосуу күнөө деп түшүндүрдү провинциянын өкмөтү.

XS
SM
MD
LG